Редакцияот 31.03.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2011-жылдын 31-марты № 275-V

2011-жылдын 3-мартындагы N 218-V "Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жөнөтүү тутумун (схемасын) жана акча каражаттарынын республиканын бюджетине түшүүсүнүн тартибин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-мартындагы № 218-V токтому менен түзүлгөн транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жөнөтүү тутумун (схемасын) жана акча каражаттарынын республиканын бюджетине түшүүсүнүн тартибин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамынан "Республика" депутаттык фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-мартындагы № 218-V токтому менен түзүлгөн транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жөнөтүү тутумун (схемасын) жана акча каражаттарынын республиканын бюджетине түшүүсүнүн тартибин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына "Республика" депутаттык фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э.Сабиров киргизилсин.

 

Төрага         

А. Келдибеков