Редакцияот 23.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 23-июну № 4681-VI

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

токтом кылат:

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 19-майындагы № 4571-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Жапаров Акылбек Усенбекович – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри.”.

 

Заместитель Торага

Н.О. Сыдыгалиев