Редакцияот 29.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 29-июлу № 4790-VI

Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишин узартуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иши 2021-жылдын 2-октябрына чейин узартылсын.

2. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4 - пунктта “2021-жылдын 2-июлуна" деген сөздөр “2021-жылдын 2-октябрына” деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева