Редакцияот 21.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 21-апрели № 4519-VI

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2021-жылдын 2-июлуна чейин узартылсын.

2. "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 23-октябрындагы № 3298-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пунктунда "2021-жылдын 2-апрелине" деген сөздөр "2021-жылдын 2-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов