Редакцияот 30.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-сентябры № 4871-VI

"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеген (2021-жылдын 23-июнундагы чыг. № 01-1834) "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

Н.О. Сыдыгалиев