Редакцияот 29.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 29-сентябры № 4861-VI

Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Абдыгулов Толкунбек Сагынбековичтин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнө ылайык Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов