Редакцияот 20.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 20-октябры № 4921-VI

Адабият жана искусство жаатында Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Адабият жана искусство жаатында Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн

 

Төрага

Т.Т. Мамытов