Редакцияот 03.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 3-ноябры № 4992-VI

“2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчо-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жонүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 1-ноябрындагы чыг. N 31-11597)

“2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мучө - мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева