Редакцияот 29.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 29-декабры № 1-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 29-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө;

Добуш берүүнүн электрондук системасын контролдоо боюнча туруктуу комиссияны түзүү жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө.

 

Жыйналышта төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

 

Ш. Мажитова