Редакцияот 29.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 29-декабры № 02-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 14 депутатынан турган эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү депутаттар шайлансын:

Г.О.Култаева,

Т.А.Масабиров,

А.Т.Маткеримов,

Ж.Б.Абиров - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Р.Ш.Жакышов,

М.О.Темирбаева,

Б.В.Шабазов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

М.А.Маматалиев,

Б.З.Түлөбаев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

А.А.Исираилов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

И.А.Масалиев - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

ϴ.М.Бакиров,

Т.И.Икрамов - "Элдик" депутаттык тобунан.

 

Жыйналышка төрагалык кылуучу

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кенешинин депутаты

Ш. Мажитова