Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 1-декабры № 5006-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду, Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу

(КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 9-декабрындагы № 5022-VI токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду, Б.Ж.Жетигеновду кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамындагы атайын депутаттык комиссия түзүлсүн:

Е.Г.Строкова - "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" парламенттик фракциясынан;

А.А.Абдугапаров,

Б.К.Райымкулов - "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясынан;

К.К.Исаев,

А.С.Токторов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Т.И.Икрамов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;

М.С.Бакиров,

А.Ж.Токтомамбетов - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;

Э.Т.Токтошев,

А.Т.Мамашова,

К.К.Иманалиев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.

 

Төраганын орун басары

А.К. Касымалиева