Редакцияот 03.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 3-февралы № 37-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 3-февралындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 3-февралындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Ар кандай;

"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тажикстан Республикасынын Оли Маджлисинин намояндагон Маджлисине кайрылуусу жөнүндө.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов