Редакцияот 06.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 6-апрели № 175-VII

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерликтерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын талапкерликтерин киргизсин:

Абдибаева Айсара Нышановна - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

Айжигитов Султанбай Абдрашитович - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

Алимжанов Фарходбек Айбекович - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

Бакиров Өмүрбек Мирзараимович - "Элдик" депутаттык тобунан;

Мажитова Шарапаткан - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

Талиева Камила Абдыразаковна - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

Токтошев Эмиль Токтакунович - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

- тендердик комиссиянын белгиленген тартипте иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылсын.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов