Редакцияот 27.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 27-апрели № 233-VII

"2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 14-апрелиндеги чыг. № 18-13076) "2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы "Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төраганын орун басары

Н.О. Сыдыгалиев