Редакцияот 02.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 2-июну № 295-VII

"Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

"Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Коомдук кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

- Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, коомдук кеңештин төрагасы;

- А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы, коомдук кеңештин мүчөсү;

- А.Б.Кенжебаев, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, коомдук кеңештин мүчөсү;

- Б.З.Түлөбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- А.Т.Эрбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- Г.О.Култаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- С.А.Айжигитов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- М.К.Сарбагышев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- М.О.Темирбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- Э.Э.Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү.".

2. 6-пунктта "комплекси жана жер казынасын пайдалануу" деген сөздөр "комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Төрага

Т.Т.Мамытов