Редакцияот 16.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 16-июну № 305-VII

 

«2019-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык «2019-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

«2019-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы эске алынсын.

 

Төрага

Т.Т. Мамытов