Редакцияот 29.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 29-сентябры № 498-VII

 

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунда алтындын казып алынышын жана сатылышын, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:

«Ж. Коргонбай уулу – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.».

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары

 

Н.О. Сыдыгалиев