Редакцияот 14.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 14-декабры № 726-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 49-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Азыгалиев Нурланбек Асанбекович Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 57-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Примов Улан Бердибаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын;

2) Азыгалиев Нурланбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.

3) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Азыгалиев Нурланбек Асанбекович шайлансын.".

 

Төраганын орун басары

Н. О. Сыдыгалиев