Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 9-февралы № 958-VII

«2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы  демилгелеген (2023-жылдын 13-январындагы чыг. № 18-147) «2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төраганын орун басары                                                                                                                                                                                                                                                                                                            Дж.К. Исаева