Редакцияот 22.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 22-февралындагы № 990-VII

 

“2022-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 18-январындагы чыг. № 18-244) “2022-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

 

Төрага

Н.А. Азыгалиев