Загрузка документа…
| Тиркеме Долбоор (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтомуна ылайык) |
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү ПРОГРАММАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы № 263, 2025-жылдын 6-августундагы № 476 , 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 587, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 712 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү мамлекеттик саясатынын максаттары жана милдеттери
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан 2021-жылдын 5-майында Кыргызстандын элине кайрылуусунда айтылган милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо экономикалык өнүгүүнүн беш негизги багытынын бири болуп белгиленген, бул болсо түпкү максаты өнүккөн рыноктук инфраструктурасын түзүү болуп саналган башка милдеттер менен комплексте экономикада мамлекеттин катышуусун кыскартуу боюнча иш-чараларды тездетүү зарылдыгы жөнүндө күбөлөндүрүп турат.
Экономикага мамлекеттин кийлигишүүсүн минималдаштыруу жеке менчиктин кол тийбестик институттары менен катар инвестицияларды коргоо, өнүккөн атаандаштык жана өлкөнүн эл аралык соода жүргүзүүгө интеграциясы экономикалык өнүгүүнүн зарыл шарттары болуп саналат.
Ошондуктан экономиканын мамлекеттик секторун, анын ичинде мамлекеттик активдерди менчиктештирүүнүн эсебинен оптималдаштыруу рынокту жөнгө салууну болтурбоо жана активдерди кыйла натыйжалуу менчик ээлерине жана башкаруучуларга берүү боюнча чара катары каралууга тийиш.
Коммерциялык ишке мамлекеттин катышуусу экономикалык жактан конкреттүү тармакта мамлекеттик саясаттын тиешелүү артыкчылыктары менен акталууга тийиш.
2. Ушуга байланыштуу алдыдагы мезгилде 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жаатында мамлекеттик саясат төмөнкү учурларда мамлекеттин катышуусун сактоого багытталат:
1) товарлар (жумуштар/кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда атаандаштык жок, же болбосо жетишсиз өнүккөндө;
2) стратегиялык маанидеги товарларды өндүрүү (жумуштарды/кызматтарды аткаруу/көрсөтүү), аларды жеке секторго аутсорсинге берүү улуттук коопсуздук, коргонуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, укук тартибин, айлана-чөйрөнү коргоо жагынан алганда максатка ылайыктуу эмес болгондо;
3) товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик түз заказдарды аткаруу, эгерде мындай мамлекеттик заказдарды жеке сектордо аткаруу кыйла жогору чыгымдар менен коштолсо;
4) республикалык бюджеттен субсидияланган, жалпы республикалык маанидеги социалдык багытталган, рентабелдүү эмес долбоорлорду ишке ашырууда.
2-глава. Менчиктештирилүүгө тийиш мамлекеттик менчик объекттердин тизмеси
3. Объекттин жеке, тармактык, региондук жана башка өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле келечекте андан ары өнүгүүсүн жана рыноктун конъюнктурасын эске алуу менен анын финансылык-экономикалык абалын талдоонун негизинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен менчиктештирүү методу жана так мөөнөттөрү аныкталат.
4. Ушул Программага ылайык мамлекеттик менчиктин 18 объектисин менчиктештирүү жүзөгө ашырылат, алардын ичинде:
1) менчиктештирүүгө тийиш 11 мамлекеттик пакети/мамлекеттин үлүштөрү ушул Программанын 1-тиркемесинде берилди;
2) чарбакер коомго кайра уюштурулууга тийиш 1 мамлекеттик ишкана ушул Программанын 2-тиркемесинде берилген.