Редакцияот 14.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 14-июну № 1268-VII

Ш.А. Айтиевди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Айтиев Шухрат Анварович Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары кызмат ордуна шайлансын.

 

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Н.Т. Шакиев