Редакцияот 28.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 28-апрели ПЖ № 115

Талас облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Боромбаев Мирлан Искакович, Жамангулов Жыргалбек Жамангулович, Калиева Клара Джакшылыковна жана Токтосун уулу Каныбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, алардын Талас облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 17-апрелинен тартып токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков