Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 317 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 10-июлу № 450

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №963 "Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №963 "Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарларды бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн шарттуу түрдө толук бошотуунун учурларын жана шарттарын бекитүү жөнүндө"

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. "Убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарларды бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн шарттуу түрдө толук бошотуунун тиркелген учурлары жана шарттары бекитилсин.";

- 2-пункттагы "Тизмеде" деген сөз "Убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарларды бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн шарттуу түрдө толук бошотуунун учурларында жана шарттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн шарттуу толук бошотуу менен убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарлардын тизмесинде:

аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарларды бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн шарттуу түрдө толук бошотуунун учурлары жана шарттары";

1.3. пунктта "тизменин" деген сөз "убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарларды бажы алымдарын жана салыктарды төлөөдөн шарттуу түрдө толук бошотуунун учурларынын жана шарттарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

И.Чудинов