Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 5-августу № 499
Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө
Диний экстремизмдин, фундаментализмдин жайылышын алдын алууда жана аларга каршы аракеттенүүдө, диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөөдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу жана ишин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш болуп кайрадан түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо;
- Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамы.
3. Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында кабыл алган чечимдери министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылаары белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 404 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңештин курамы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 115 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-декабрындагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-февралындагы № 115 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому.
Премьер-министр | И.Чудинов |