Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 95 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №638 , 2012-жылдын 19-декабрындагы № 842, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 582 , 2019-жылдын 2-октябрындагы № 514 , 2025-жылдын 2-июлундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө" "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-майындагы № 164 "Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана курулуш маселелеринде уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобо курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүнүн классификациясын белгилейт, ошондой эле курулуш объекттерин, кыймылсыз мүлк объекттерин, анын ичинде инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерин өзгөртүү менен реконструкциялоону, кайрадан профилдөөнү жана кайрадан пландаштырууну мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө тартибин жана жол-жобосун жөнгө салат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында курууга уруксат алуу талап кылынган куруу, реконструкциялоо, кайрадан профилдөө жана кайрадан пландаштыруу объекттери, көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдери өзгөртүлчү кыймылсыз мүлктүн объекттери милдеттүү түрдө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлгө алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №638 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, жер титирөөгө туруктуулугун жана пайдалануудагы бекемдигин камсыз кылуу максатында, курулуш процессинде аткарылчу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №638 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүн тобокелдик факторлору көп, жогорку, орто объекттерди көзөмөлдөө боюнча, ошондой эле курулушу республикалык же жергиликтүү бюджет каражаттарынын эсебинен ишке ашырыла турган объекттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик жана анын аймактык подразделениелери ишке ашырат.
6. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди курууга мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №638 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бул жободо колдонулган түшүнүктөр жана терминдер:
республикалык маанидеги объект - облус аралык, жалпы республикалык, мамлекеттер аралык (эл аралык) мааниге ээ болгон, пландаштыруу, долбоорлоо жана куруу каржылоо булагына карабастан стратегиялык же башка маанилүү жалпы мамлекеттик маселелерди аткаруу менен байланыштуу объекттер;
текшерүү жүргүзүүгө тапшырма - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жана анын аймактык подразделениелеринин кызмат адамдарынын курулуш объектине текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укугун далилдөөчү расмий документ;
эреже бузууларды жоюуга көрсөтмө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жана анын аймактык подразделениелеринин инспекторлорунун курулуш субъектисине мыйзамдын талаптарын бузууну жоюу боюнча жазуу жүзүндөгү, белгиленген мөөнөттө аткаруу үчүн милдеттүү талабы. Көрсөтмөдө чарбакер субъектке карата санкцияларды колдонуу каралбайт. Көрсөтмө текшерген органдын кызмат адамы тарабынан берилет жана кол коюлат;
тобокел - курулуш ишин жүргүзүүдө терс натыйжанын пайда болуу мүмкүндүгүн эсепке алуучу опурталдын ченеми;
курулуш субъектиси - курулуш келишиминин негизинде курулуш объектисин курууну ишке ашырган башкы келишим түзүүчү, келишим түзүүчү;
курулуш иши (мындан ары - курулуш) - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын кыймылсыз мүлктү долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш-аракети;
курулуш субъектисинин ыйгарым укуктуу жактары - приказдын негизинде аракеттенген, долбоорлоочу уюмдан иштерди аткаруучунун сертификатын, техникалык, ошондой эле автордук көзөмөлдүн квалификациялык сертификатын алган жооптуу жактар;
экспертиза - аткарылган иштердин жана колдонулган материалдардын жана буюмдардын сапатын баалоо;
курулуштун этабы - курулуш-монтаж иштеринин курулуш объектисинин сапатын, бекемдигин, жер титирөөгө туруктуулугун жана пайдалануудагы ишеничтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча тобокелдерге кабылуу мүмкүндүгүнө ээ болгон аягына чыгарылган цикли.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №638 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Курулуш объектисине мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура-курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык подразделениелери тарабынан ишке ашырылат.
Курулуп жаткан объекттердин реестрине капиталдык курулуш, реконструкциялоо, имараттарды кайра профилдештирүү жана кайра пландоо объекттерин киргизүү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттерди кошпогондо, акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Төлөмдүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлүнүн милдеттерин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында квалификациялуу адистерди, анын ичинде көз карандысыз эксперттердин ичинен алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө атайын эсептин каражаттарынын эсебинен төлөө менен келишимдик негизде тартууга укуктуу.
Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- курулуштун бүткөн этаптарын, курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алууну;
- шаар куруу-архитектура ишинин тармагындагы мыйзамдык актылардын нормаларынын сакталышына жана курулуштук материалдардын, конструкциялардын жана буюмдардын өндүрүлүшүнө мамлекеттик көзөмөлдү;
- курулушту инспекциялачу мамлекеттик кызматтардын иштерин уюштурууну жана координациялоону;
- капиталдык курулуучу, реконструкциялануучу, көлөмдүк-пландык, конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен профили өзгөртүлүүчү объекттердин, ошондой эле планировкасы өзгөртүлүүчү имараттардын реестрин жүргүзүүнү;
- мамлекеттик инспекциялачу кызматтардын отчетторун алуу жана талдоо;
- уюмдарда шаар куруу-архитектуралык ишти жүргүзүү укугуна мамлекеттик лицензиялардын жана жооптуу адамдарда квалификациялык сертификаттардын бар экенин текшерүүнү;
- техникалык регламенттердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү, ал эми алар иштелип чыкканга чейин - объекттерди куруудагы курулуштук нормалардын жана эрежелердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү, ошондой эле курулуш өнөр жайынын ишканаларында алардын ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин формасына карабастан курулуш материалдарды, конструкцияларды жана буюмдарды жасоодо шайкештикти баалоону;
- курулуп жана реконструкцияланып жаткан объекттерде болгон авариялардын, кулоолордун себептерин изилдөө боюнча уюштуруучу-техникалык иш-чараларды жүргүзүүнү жана себептерди изилдөө боюнча комиссиялардын ишин уюштурууну, корутунду даярдоону жана тийиштүү чараларды көрүүнү;
- шаар куруучу субъекттин кайрылуусу боюнча аткарылган жумуштардын сапатын баалоо жана шаар куруучу субъекттердин (аткаруучулардын) ортосундагы өз ара эсептешүүлөр үчүн продукциянын көлөмүн жана наркын аныктоо менен эксперттик корутунду даярдоону.