Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 798 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 8-октябры №621

«Чыгыш электр», «Жалал-Абад электр» жана «Ош электр» ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 23-апрелиндеги №239 «Кыргызэнергохолдинг» кыргыз мамлекеттик-акционердик холдинг компаниясын мамлекеттек ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасы жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Чыгыш электр», «Жалал-Абад электр» жана «Ош электр» ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттери (ар бир акционердик коомдун уставдык капиталынын 80,49 проценти) инвестициалык конкурстарда сатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети «Чыгыш электр», «Жалал-Абад электр» жана «Ош электр» ачык акционердик коомдорунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин (ар бир акционердик коомдун уставдык капиталынын 80,49 процентин) сатуу боюнча инвестициалык конкурстарды белгиленген тартипте даярдасын жана өткөрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер министр

И.Чудинов