Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-ноябры № 675
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Усенов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 125-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Салык кызматы органдары кат жүзүндө же электрондук түрдө маалымат алуу жолу менен кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоочу жана транспорт каражаттарын каттоочу органдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат:".
2. 323-328-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"323-берене. Мүлк салыгын төлөөчү
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн, төмөнкүлөргө ээ болгон уюм же жеке адам мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган салык салынуучу мүлк менчигинде болсо;
2) финансылык ижара келишиминин же ипотекалык кредиттөөнүн чегинде сатып алынган, Кыргыз Республикасынын аймагында ушул мүлккө ээ болуу укугу пайда болгон айдан кийинки айдын биринен баштап катталган мүлкү болсо.
2. Эгерде мүлктүн менчик ээсинин турган жерин аныктоого мүмкүн болбосо, мүлк салыгын төлөөчү мындай мүлктү пайдаланган уюм же жеке адам болуп саналат.
3. Мүлккө укук катталбаган учурда мүлктү иш жүзүндө пайдалануу пайдалануучуну мүлк салыгын төлөөчү катары таануу үчүн негиз болуп саналат.
4. Бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарган же менчигинде мүлкү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бюджеттен каржыланган жана/же атайын каражаттары бар муниципалдык мекемелер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик орган, Депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду - мүлк же анын бир бөлүгү келишим боюнча мамлекеттик ишканаларга, муниципалдык ишканаларга жана башка юридикалык же жеке жактарга акылуу же акысыз пайдаланууга берилгенден башка учурларда, ошондой эле мүлктү эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана көңүл ачуу үчүн пайдалангандан башка учурларда мүлк салыгын төлөөчүлөр болуп саналбайт.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн субъекттер өткөрүп берген мүлктөн мүлк салыгын мүлктү акылуу же акысыз пайдаланууга берген жак, андай мүлктү пайдаланууга алган жактан алат.
5. Эгер ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1-топтогу жана биргелешкен менчигинде турган мүлк объекти боюнча тараптардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, ар бир мүлк ээси ошол мүлктөгү үлүшүнө жараша пропорциядагы салык төлөөчү болот.
324-берене. Салык салуу объектти
1. Төмөндөгүлөрдө турган мүлктөр мүлк салыгы салынчу объект болуп саналат.
1) мамлекеттик менчикте турган. Мамлекеттик ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
2) муниципалдык менчикте турган. Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
3) жеке менчикте тургандар.
2. Салык салуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:
1) 1-топ: ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү;
2) 2-топ: турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле ишкердик жүргүзүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган башка капиталдык курулуштар;
3) 3-топ: ишкердик жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл же башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар;
4) 4-топ: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
3. Салык салуу объекти болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
325-берене. Салыктык база
Төмөнкүлөр мүлк салыгынын салыктык базасы болуп саналат:
1) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн - ушул бөлүмдө белгиленген тартипте аныкталуучу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркы;
2) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 4-топтогу мүлк объекттери үчүн:
а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштөөчүлөр үчүн - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү же баланстык наркы;
б) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жоктор үчүн - баланстык наркы. Ушул бөлүмдүн максаты үчүн Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык амортизацияны эске алуу менен эсептелинген, мүлк салыгы боюнча салыктык мезгилдин башына карата мүлк объектинин наркы баланстык нарк катары түшүнүлөт;
в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жоктор үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык аныкталуучу нарк.
326-берене. Салыктык мезгил
Мүлк салыгы боюнча календардык жыл салыктык мезгил болуп саналат.
327-берене. Мүлк объектинин салык салуучу наркын аныктоо тартиби
1. Ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркын эсептөө (мындан ары бул беренеде - 1, 2 жана 3-топтор) төмөнкүдөй формула боюнча жүзөгө ашырылат:
СН = С х А х Кр х Кз х Кт, мында:
СН - мүлк объектинин салык салынуучу наркы, сом;
С - мүлк объектисинин аянтынын 1 квадрат метринин салык салынуучу наркы, сом/кв.м;
А - 1-топтогу мүлк объекттеринин ушул Кодекстин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынууга жатпаган аянтына азайтылган 1-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты же 2 же 3-топтогу мүлк объектинин жалпы аянты, кв.м;
Кр - объекттин салык салынуучу наркынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы турган жерине жараша өзгөрүшүн эске алган региондук коэффициент;
Кз - объекттин салык салынуучу наркынын калктуу конуштагы турган ордуна жараша өзгөрүшүн эске алуучу зоналык коэффициент;
Ко - 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент. Башка топтордогу мүлк объекттери үчүн Ко 1ге барабар деп кабыл алынат.
2. 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин бир квадрат метр аянтынын салык салынуучу наркы дубалынын материалына жана мүлк объектин эксплуатацияга берген жылга жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Дубалдардын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Баалоо наркы 1 кв.м, сом |
Кыш | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 15000 14000 13000 12000 10000 |
Жыгач | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 13000 12000 11000 10000 8000 |
Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек
| 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 14000 13000 12000 11000 10000 |
Ылай топурак (саман, маматомолок, сокмо) | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 10000 9000 8000 6000 5000 |
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 9000 8000 7000 6000 5000 |
Металл
| 30 жылга чейин 30 жылдан ашуун | 10000 8000 |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | 4000 | |