Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 18-декабры № 767

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги N 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматчыларына азык-түлүк паектун ордуна акчалай компенсациянын нормасы суткасына 256 сом өлчөмүндө белгиленсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын азык-түлүк паегунун ордуна компенсация төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарынан жүргүзсүн.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-марттагы № 88 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июндун № 361 токтомунун 2-пункту.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.  

 

Премьер-министри

 

Д.Үсөнов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ