Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 токтому менен бекитилген

Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар (сукук) жөнүндө

ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

2-глава. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруу жана жүгүртүү

1-глава Жалпы жоболор

§1. Бул Жобонун жөнгө салуу предмети

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздарды (мындан ары - ислам баалуу кагаздары) эмиссиялоодо жана жүгүртүүдө пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.

2. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруу жана жүгүртүү ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

§2. Исламдык каржылоонун негизги принциптери

3. Баалуу кагаздарды чыгарууда эмитент төмөнкүлөргө укуксуз:

- эгерде баалуу кагаздар базалык активдин менчигине ээлик кылуунун үлүшүн салым катары кошулган каражаттардын өлчөмүнө пропорционалдуу күбөлөндүрсө, баалуу кагаздардын наркынан процент түрүндө сый акы эсептөөгө;

- баалуу кагаздар боюнча кирешелерге кепилдик берүүгө.

4. Ислам баалуу кагаздарын чыгаруудан жана жайгаштыруудан алынган каражаттар укукка каршы жана Кыргыз Республикасына, анын жарандарынын кызыкчылыктарына зыян келтире турган, ошондой эле тамеки, алкогол продукцияларын, куралды жана ок дарыларды, порнографиялык мүнөздөгү продукцияларды өндүрүү жана (же) сатуу, оюн бизнеси жана Шариаттык кеңеш каржылоого тыюу салган ишкердиктин башка түрлөрү менен байланышкан башка иштерди каржылоого жумшалбашы керек.

Шариаттык кеңеш ислам баалуу кагаздарынын эмитентинин ишине милдеттүү түрдө аткарылуучу башка талаптарды кошумча аныктоого укуктуу.