Редакцияот 19.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 19-октябры № 1518-VII

Палестина-Израиль чыр-чатагынын курчуп кетүүсүнөн улам жабыр тарткан палестина элине материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Палестина-Израиль чыр-чатагынын курчуп кетүүсүнөн улам жабыр тарткан палестина элине материалдык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бир күндүк эмгек акысы которулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын Жогорку Кеңештин финансылык-чарбалык ишин тескөөчү орун басарына жүктөлсүн.

 

Төрагасынын орун басары

 

Н.Сыдыгалиев