Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө ЖОБО
(КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 2908-VII токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин, туруктуу иш ордунан тышкары кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн, тескеме боюнча аларды белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын чегиндеги, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө кызматтык иш сапарларына (мындан ары - кызматтык иш сапары) жиберүү тартибин, ошондой эле кызматтык иш сапарларына байланышкан чыгымдарды төлөп берүү шарттарын аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлери (мындан ары - Аппарат кызматкерлери) - Жогорку Кеңештин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыз кылуучу кызматкерлер (Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчилери, жардамчылары, спичрайтери жана басма сөз катчысы, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарларынын, депутаттык фракциялардын лидерлеринин жана депутаттык топтордун жетекчилеринин кеңешчилери, депутаттардын жардамчылары жана консультанттары), ошондой эле Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери.
1.2. Кызматтык иш сапарларына байланышкан чыгымдарды (жол кире, турак жай жалдоо, суткалык чыгымдар (тамак-аш) төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына жараша түзүлгөн Жогорку Кеңештин чыгымдар сметасынын тиешелүү беренесинде каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарларына кеткен чыгымдар, депутаттардын шайлоочулар менен иштөөсүнө, анын ичинде суткалык, жашап турууга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу, тамак-аш жана автотранспорт, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга, орун жайларды ижаралоого, ошондой эле республиканын региондоруна депутаттардын барып-келүүсүнө, жана авиаучууларына байланышкан иш жүзүндөгү транспорттук чыгымдарынын (авиабилеттер, күйүүчү-майлоочу материалдар, автомашиналарды жалдоо ж.б.у.с.) ордун толтуруу, Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий жана парламенттик делегациялардын курамында, ошондой эле расмий иш-чараларга катышуу үчүн өлкө ичине, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иш сапарларына чыккан учурларын кошпогондо, бир депутатка белгилеген бир айлык сумманын өлчөмүндө Жогорку Кеңештин сметасы боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын фондунан жүзөгө ашырылат.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий делегациялардын курамындагы жана Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын чегиндеги иш сапары менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленет:
- суткалык чыгымдарга акы төлөө - республиканын региондорунда иш сапарында болгон ар бир күн үчүн - 500 сом;
- турак жайды жалдоого акы төлөө - республиканын региондорунда иш сапарында болгон ар бир күн үчүн - 2500 сомдон көп эмес;
- кызматтык иш сапары өтүүчү жерге баруу жана кайра кайтып келүү боюнча чыгымдарды төлөө (кызматтык автотранспорт менен кеткен учурларды кошпогондо) - иш жүзүндө жумшалган сарптоолор боюнча бул чыгымдарды тиешелүү документтер аркылуу тастыктоо менен. Тастыктоочу документтер катары контролдук-кассалык машиналардан алынган кассалык чектер эсептелет.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын расмий делегациялардын курамындагы, Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапары менен байланышкан чыгымдарынын ордун толтуруунун төмөнкүдөй ченемдери белгиленет:
- суткалык чыгымдарды жана турак жай жалдоо боюнча чектелген чыгымдарды төлөө - иш сапарларына баруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өлчөмдөрдө. Өзгөчө учурларда турак жай жалдоо чыгымдарынын ордун Жогорку Кеңештин жетекчилигинин тескемесине ылайык расмий делегациянын курамындагы адамдар тарабынан иш жүзүндө жумшалган сарптоолору боюнча толтурууга жол берилет;
- авиа жана темир жол транспорту (кызматтык автотранспорт менен барган учурларды кошпогондо) менен иш сапары өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү боюнча чыгымдарды төлөө -эконом-класс категориясынын билеттеринин наркынан ашпаган бул чыгымдарды тиешелүү документтер аркылуу тастыктоо менен - иш жүзүндө жумшалган сарптоолор боюнча;
Жогорку Кеңештин Төрагасынын өлкө ичиндеги, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө болгон иш сапарларынын, анын ичинде суткалык чыгымдары, жашап турууга кеткен чыгымдары, тамак-аш жана транспорт пайдалануу, байланыш кызматтарын көрсөтүү, орун жай ижаралоо үчүн чыгымдарынын ордун толтуруу, ошондой эле сыртка чыгуусуна жана авиаучууларына байланышкан иш жүзүндөгү транспорттук чыгымдарынын (авиабилеттер, күйүүчү-майлоочу материалдар, автомашиналарды жалдоо ж.б.у.с.) ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын атайын эсебинен жүзөгө ашырылат.