Редакцияот 17.09.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 17-сентябры № 588

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-майындагы № 210 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому менен жактырылган "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра сурап алуу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-майындагы № 210 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилген "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-майындагы № 210 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов