Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген
Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнүн формасын толтуруу ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 393, 2014-жылдын 2-июлундагы № 365, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептер (мындан ары - эсептөө) төмөндөгүлөрдөн турат: 1) "1-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-086); 2) "2-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-087); 3) "3-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-088); 4) "4-топтун юридикалык жактарынын объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-089); 5) "4-топтун физикалык жактарынын мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө" (FORM STI-090). 2. Салык төлөөчү (мүлктүн ээси же пайдалануучусу) 1, 2 жана 3-топтордун (FORM STI - 086, 087, 088) объектилеринин мүлк салыгы боюнча эсептөөнү мүлк объектисинин эсептик каттоодо турган орду боюнча, ал эми Бишкек шаарынын четинде - салык төлөөчүнүн салыктык каттоодо турган орду боюнча берет, 4-топтогу (FORM STI - 089, 090) мүлк объектилери боюнча эсеп автотранспорттук каражаттарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда объектинин каттоодо турган жери боюнча тапшырылат. 3. Салык төлөөчү маалыматтык эсептөөнү (FORM STI - 086, 087, 088, 089, 090) берүүдө: 1) 001-ячейкада "Х" белгисин коюу менен отчеттун түрлөрүн көрсөтөт: - "баштапкы" - отчет биринчи жолу берилип жатканда көрсөтүлөт; - "такталган" - мурун берилген эсептөөгө салык төлөөчү толуктоолорду киргизген учурда берилет. Мисалы, такталган эсептөө арифметикалык катанын, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсүнүн натыйжасында салыктык милдеттенмени өзгөртүүгө байланыштуу болгон учурда берилет; - "кошумча" - жыл ичинде жаңы алынган мүлк объектилери боюнча салыктык милдеттенмелер пайда болгон же сатып жиберген мүлк объектилери боюнча салыктык милдеттенмелер азайган учурда берилет. Мисалы, мүлк объектисин сатып алган же сатып жиберген учурда кошумча эсептөө берилет; 2) 201-ячейкада мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө бериле турган жыл көрсөтүлөт. 4. 102-ячейкадан баштап 111, 901 жана 902-ячейкаларга чейинки ячейкалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле турган салык отчетторунун формасын толтуруу жана берүү тартиби тууралуу Жобого ылайык толтурулат. 2.1-топтун мүлк объектилеринин мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-086) (Бөлүм КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июлундагы № 365 токтомунун редакциясына ылайык)
5. 1-графанын 300, 317, 334, 351, 368, 385, 402, 419, 436-уячаларында 1-таблицада көрсөтүлгөн мүлктүн кодуна ылайык мүлктүн түрлөрүнүн аталыштары көрсөтүлөт. 1-таблица
Эгерде салык төлөөчүнүн бир нече мүлк объектиси болсо, анда маалыматтык эсепке мүлктүн бардык объектилери киргизилет. Мисалы, жеке адамдын үйү жана батири бар. Бул учурда эсепке: үй - "001" жана батир "002" киргизилет. 6. 2-графанын 301, 318, 335, 352, 369, 386, 403, 420, 437-уячаларында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт. Мисалы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 25-үй, 5-батир. Мүлккө укукту каттоо жок болгон учурда мүлктүн иш жүзүндөгү жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт. 7. 3-графанын 302, 319, 336, 353, 370, 387, 404, 421, 438-уячаларында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн далдаштыруу коду көрсөтүлөт. Мүлккө каттоо укугу жок болгон учурларда "0" мааниси коюлат. 8. 4-графанын 303, 320, 337, 354, 371, 388, 405, 422, 439-уячаларында мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес болуп 2-таблицага ылайык, мүлктү пайдалануучулардын коду боюнча көрсөтүлөт: 2-таблица
9. 5-графанын 304, 321, 338, 355, 372, 389, 406, 423, 440-уячаларында мүлк объектисине ээлик кылган/пайдаланган айлардын саны көрсөтүлөт. Мисалы, 12, 6, 3. 10. 6-графанын 305, 322, 339, 356, 373, 390, 407, 424, 441-уячаларында 3-таблицада көрсөтүлгөн материалдын кодуна ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт. 3-таблица
|