Редакцияот 18.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 18-октябры № 4

Боо-Терек айылдык аймагында бала-бакчаны Талас облусунун өнүктүрүү фондусунун акча каражатына курууга макулдук берүү жөнүндө

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX - чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы Боо-Терек айылынын Талас облусунун өнүктүрүү фондусунун акча каражатына бала-бакча куруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековдун сунушлун угуп талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Боо-Терек айыл аймагында Талас облусунун өнүктүрүү фондусу тарабынан берилүүчү акча каражатына бала-бакча куруу долбоору жактырылып макулдук берилсин.

2 .Бала-бакча куруу үчүн 4500 м 2 жер аянтча, мамлекеттик акт сериясы Б № 013906 негизинде маданият үй үчүн бөлүнгөн идентификационный номер 6-02-02-1001-1697 жер тилкемден бөлүнүп берилсин.

3. 2016-жылдын айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашасынан ашкан кирешесинен 335 555 ( үч жүз отуз беш миң беш жүз элүү беш) сом акча каражаты бала-бакчаны курууга өздүк салымына бөлүнсүн.

4. Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан бала-бакча куруу үчүн 6 833 120 ( алты миллион сегиз жүз отуз үч миң жүз жыйырма ) сом акча каражаты суралсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Алымкулова