Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-февралы №80
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-ж., № 11, 510-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 1-бөлүгүнө "пенсия менен камсыз кылуу тутумунун" деген сөздөрдөн кийин жана "аткаруучу органы болуп саналат" деген сөздөргө чейин "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы башкарууну жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 2-берененин 2-бөлүгүнө:
- экинчи абзац алып салынсын;
- үчүнчү абзацтагы "жыйноону" деген сөз алып салынсын;
- алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган аркылуу Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзацта "камсыздандыруу төгүмдөрүнүн Социалдык фондго өз убагында жана толук түшүп турушун, ошондой эле" деген сөздөр алып салынсын;
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик фискалдык жана тарифтик саясаттын негизги багыттарын түзүү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу анын топтоо бөлүгүн камтыган тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүнү;".
3. 3-беренеде:
1-бөлүктүн 4-абзацындагы "камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана" деген сөздөр алынып салынсын;
бешинчи, жетинчи, онунчу, он жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
- тогузунчу абзацтагы "милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн четтеген жана" деген сөздөр алып салынсын.