Редакцияот 30.03.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 30-марты № 199

2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы жөнүндө

Улуттук маалыматтык-статистикалык системасынын потенциалын андан ары бекемдетүү жана өнүктүрүү, бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдарынын талаптарын натыйжалуу жана сапаттуу маалымат менен камсыздоо, статистика тармагында мамлекеттик маалыматтык тейлөөлөрдүн ачык-айкын системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: 2010-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү программасы (мындан ары Программа) бекитилсин.

2. Программаны ишке ашыруучу координатор болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) аныкталсын.

3. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери:

- Программада каралган иш-чараларды өз учурунда жана сапаттуу аткарууну камсыз кылышсын;

- Программанын иш-чараларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-январынан кечиктирбестен тапшырышсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов