Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 2-апрели №202
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-мартындагы № 68 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана башка аскердик түзүлүштөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2010-жылдын апрель-июнунда, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтырууга, аскердик кызматка чакыруудан бошотууга укугу жок же аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтырууга укугун жоготкон Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жана альтернативдик кызмат өтөө, ошондой эле чакырылуучу мобилизациялык резервге кошууну райондук (шаардык) аскер комиссариаты аркылуу жүргүзсүн;
- райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларын түзүшсүн жана аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шайман жабдуулары менен камсыздалган чакыруу (чогултуу) пункттары менен камсыз кылсын;
- жарандарга маалымдоо жана алардын уюшкандыкта аскер комиссариаттарына келишин жана зарыл учурда автотранспорт менен жеткирүү боюнча чараларды көрсүн;
- аскер комиссариаттарында, чогулуу пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чакыруу комиссияларынын ишин камсыздоо үчүн бөлүп беришсин:
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен зарыл болгон акча каражаттарын;
- автотранспорт каражаттары, техникалык кызматчылар жана тейлөөчү персоналын.
4. Республикалык чакыруу комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин жана ага төмөнкүлөр жүктөлсүн;