Редакцияот 18.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 18-августундагы №165

 Мамлекетин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Азия Өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнө таандык болгон 2005-жылы чыккан, кыймылдаткычынын № 1FZ-0627079, шасси № JTЕНJО9J555107787 «Toyota Land Cruiser 100 GХ-R» үлгүсүндөгү автомашинанын бажы тартибинде мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажылык жол-жоболонушун белгиленген тартипте жүргүзсүн жана ушул автомашинаны Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын теңдемине өткөрүп берсин.

2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясы белгиленген тартипте, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны өз теңдемине кабыл алсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева