Редакцияот 14.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 14-октябрындагы №245

Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы «Бишкек-Ош автожолун реабилитациялоо» 3-фаза, «Түштүк транспорт коридорун реабилитациялоо» (Ош-Гүлчө участогу) жана ЦАРЭС: «Региондук жол коридорун жакшыртуу» (Сарыташ-Карамык автожолу) долбоорлорунун алкактарында алынган төмөнкү маркадагы автомашиналарды «China Road and Bridge Corporation» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартууну бажылык режимде тариздесин:

- «Toyota Land Cruiser», 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2UZ1315193, кузов № JTMHT09J294024683, баланстык калдык наркы 1667917 (бир миллион алты жүз алтымыш жети миң тогуз жүз он жети) сом;

- «Toyota Land Cruiser», 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 1FZ0751473, кузов № JTGHJ01J973010559, баланстык калдык наркы 687589 (алты жүз сексен жети миң беш жүз сексен тогуз) сом;

- «Toyota Prado», 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2TR0670155, кузов № JTEBL29J79K003370, баланстык калдык наркы 890391 (сегиз жүз токсон миң үч жүз токсон бир) сом;

- «Toyota Prado», 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2TR0431471, кузов № JTEBL29J075068590, баланстык калдык наркы 593755 (беш жүз токсон үч миң жети жүз элүү беш) сом;

- «Toyota RAV-4» маркасындагы, 2008-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2AZH099556, кузов № JTMBD33V285198844, баланстык калдык наркы 739303 (жети жүз отуз тогуз миң үч жүз үч) сом.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын белгиленген тартипте республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналардын белгиленген тартипте кабыл алынышын камсыздасын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева