КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 16-декабры №323
Бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө
Педагогикалык кызматкерлердин, илимдин жана илимий мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын теңдештирүү, ошондой эле бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктта:
үчүнчү абзац алып салынсын;
төртүнчү абзацтагы "(педагогикалык кызматкерлерден тышкары)" деген сөздөр "илимдин жана илимий мекемелердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Педагогикалык кызматкерлер жана илимдин жана илимий мекемелердин кызматкерлери үчүн Бирдиктүү тарифтик торчонун биринчи разряды 2011-жылдын 1-январынан баштап 690 сом өлчөмүндө белгиленсин.";
- аталган токтомдун № 3 тиркемесинин аталышындагы "(педагогикалык кызматкерлерден тышкары)" деген сөздөр "илимдин жана илимий мекемелердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ушул токтомду ишке ашырууга зарыл болгон каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долборунда карасын;
- педагогикалык кызматкерлердин, илимдин жана илимий мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жаңы өлчөмдө төлөп берүү үчүн каражаттар менен өз убагында каржылоону камсыз кылсын.