Редакцияот 22.12.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 22-декабры № 336

Сингапур Республикасынын жарандары - дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режимди өз ара мамиленин негизинде киргизүү жөнүндө

Өз ара мамиле принцибин сактоо максатында, Сингапур Республикасы Кыргыз Республикасынын жарандары - дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн 30 күндүк мөөнөткө визасыз кирүү режимин киргизгенге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдын 25-декабрынан баштап Сингапур Республикасынын жарандары - дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн 30 күндүк мөөнөттөгү визасыз режим киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сингапур Республикасынын Тышкы иштер министрлигин расмий түрдө маалымдасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Премьер-министри

 

А. Атамбаев