Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2011-жылдын 3-марты №93

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Фермерлерге арзан кредит" долбоорунун алкагында кредиттик каражаттарды максималдуу өздөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

3-пункттун үчүнчү абзацындагы "майынын" деген сөз "июнунун" деген сөз менен алмаштырылсын;

5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтом менен бекитилген "Фермерлерге арзан кредит" долбоорунда:

"Фермерлерге арзан кредит" деген сөздөрдү кошпогондо, бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "фермерлер" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "айыл чарба өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

преамбуланын бешинчи абзацында жана "Түпкү алуучу үчүн шарттар" главасынын биринчи абзацында ар кандай жөндөмөдөгү "жеке жана коллективдүү дыйкан чарбалар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "айыл чарба өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

"Күтүлгөн натыйжалар" главасында:

расмий тилдеги 2-пункттун бешинчи абзацындагы "Доступное финансирование" деген сөздөр "Доступные кредиты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Бул тобокелдикти минималдаштыруу максатында долбоорго банктардын мүмкүн болгон көп санын тартуу зарыл.";