Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 31-марты № 129
Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №27, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2015-жылдын 6-июлу № 453, 2017 жылдын16-январындагы № 20, 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишти өркүндөтүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик мекемелеринин артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналсын.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 453, 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 648 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздоо боюнча сунуштарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин:
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындыгын жана коомдук контролдоону;