Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 141 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү ЖОБО
1. Менчигинин түрүнө, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук уюмдардын жана өндүрүштө иштеген алардын түзүмдүк бирдиктеринин (мындан ары - уюм) жетектөөчү кызматкерлерин, адистерди жана кызматчыларды (мындан ары - кызматкерлер) аттестациялоо ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
Аттестациялоонун максаты - кызматкердин кесиптик билимдеринин жана көндүмдөрүнүн ээлеп турган кызматына шайкеш келишин аныктоо, кесиптик чеберчилигинин жана квалификациясынын өсүшүнө түрткү берүү, чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуу, кызмат боюнча көтөрүү.
2. Аттестациялоо үч жылда бир жолу өткөрүлөт.
Кезектеги аттестациялоого төмөнкү кызматкерлер киргизилбейт:
- ээлеген кызмат ордунда иштегенине бир жыл жете электер;
- окуу жайларын аяктагандан кийин жаш адистер;
- кош бойлуу аялдар жана баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөн адамдар, буларды аттестациялоо өргүүдөн чыккандан бир жылдан кийин гана жүргүзүлөт;
- окууну аяктагандан кийин бир жылдын ичинде квалификациясын жогорулаткандар жана кайра даярдоодон өткөндөр.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 26-главасына ылайык аталган Жобо уюмдардын жетекчилерине колдонулбайт.
4. Аттестациялоону өткөрүү үчүн:
- аттестациялык комиссия түзүлөт;
- аттестациялоо өткөрүүнүн графиги бекитилет;
- аттестациялоодон өтө турган кызматкерлердин тизмелери түзүлөт;
- аттестациялык комиссия үчүн зарыл документтер даярдалат.
5. Аттестациялык комиссия төрагадан, катчыдан жана комиссия мүчөлөрүнөн турат. Аттестациялык комиссиянын курамына кадрлар маселеси боюнча жетекчинин орун басары, кадрдык жана юридикалык кызматтардын, кызматкерлердин кесиптик бирлигинин же башка өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү киргизилет.