Редакцияот 16.05.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 16-майы № 218

Кыргыз Республикасынын Музейлер күнүн белгилөө жөнүндө

Республиканын тарыхый-маданий мурастарын сактоодогу музейлердин олуттуу салымын эске алуу менен жана коомдун турмушундагы алардын ролун андан ары жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

18-май Эл аралык музейлер күнү Кыргыз Республикасынын Музейлер күнү болуп белгиленсин.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев