Редакцияот 25.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 25-августу № 505

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу 

Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердин аймагындагы жарандарына жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом мөнен бекитилген Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө жобо:

төмөнкү мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

«- чет өлкөлөрдө (Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары) өзгөчө кырдаалдар аймагында калган Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо;

өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган чет мамлекеттерге финансылык жана башка жардамдарды көрсөтүү.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев