Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2011-жылдын 30-декабры № 772

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишкана» мамлекеттик ишканасынын уставы төмөнкү мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:

«22-1. Жылдык финансылык чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасынын 50 проценттен кем эмеси отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке андан ары жиберүү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин алыш-бериш эсебине которулат.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов