Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2012-жылдын 1-марты № 159

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Билим берүү жөнүндө", "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайларын кармоого кеткен чыгымдар тиешелүү жылга бекитилген бюджеттин чегинде төлөнөт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ө. Бабанов