Редакцияот 04.09.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 4-сентябры № 604

Мамлекеттин менчигине айланган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы N 961 "Кыргыз Республикасынын бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Элчилигинин арызынын негизинде "Хундай Сантафе" маркасындагы 2011-жылы чыккан, кыймылдаткычы NG6DСВА760817, кузову NКМНSН81GDCU835242 жана "Хундай Н-1" маркасында 2010-жылы чыккан, кыймылдаткычы NG4КGАА589668, кузову NКМНWН81RBBU316729 автоунааларын мамлекеттин пайдасынан баш тартуу бажы режиминде бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" дипломатиялык тейлөө боюнча мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды бекитилген тартипте баланска кабыл алсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин милдетин аткаруучу,

биринчи вице-премьер-министрдин

милдетин аткаруучу

 

 

 

А. Карашев